Казакстандык 30га чукул компания Бишкектен өнөктөш издейт

Жазылуу
Форумда казакстандык компаниялар тамак-аштан тарта машина курууга чейинки өндүрүштөрдү көрсөтөт.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкекте 3-майда кыргыз-казак бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу КРдин Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Форумга Соода-өнөр жай палатасы жана Казакстандын KAZNEX INVEST мамлекеттик экспорт жана инвестиция агенттиги катышат.

"Анда Казакстандын тамак-аш өндүрүшү, курулуш материалдары, машина куруу, фармацевтика, метталлургия жана химиялык продукциялар көрсөтүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча бул күнү Казакстандан 28 компаниянын өкүлдөрү келет. Ал эми кыргыз тарап форумда Казакстан менен соода алакаларын өнүктүрүү боюнча пландарды алып чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0