Жээнбеков: ички дүң продукция өткөн жылы 3,8 пайызга өстү

Жазылуу
Өкмөт башчы ушуну менен токтоп калбай, ишти алдыга жылдыруу керектигин кошумчалады.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы өткөн жылы 3,8 пайызга өстү. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта фондунун делегациясын кабыл алуу учурунда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жолугушуу учурунда тараптар каржы, экономикалык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, инвесторлорду тартуу боюнча пикир алышкан.

"Кыргызстандын ички дүң продукциясы өткөн жылы 3,8 пайызга өстү. Насыяларды берүү боюнча Кыргыз-орус фонду өз функциясын жакшы аткарууда. Мындан сырткары, айыл чарбаны каржылоо программасы боюнча дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилүүдө", — деди Жээнбеков.

Өкмөт башчы ушуну менен токтоп калбай, ишти алдыга жылдыруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0