Бишкек мэриясы билим берүүгө, саламаттык сактоого кеткен чыгымды азайтат

Жазылуу
Быйыл шаар казынасынын кирешесин көбөйтүү пландалууда, ошол эле учурда чыгымдар дагы жогорулайт.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын 2017-жылдагы бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолдор долбоору коомдук талкууда каралды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

2017-жылы Бишкек шаарынын бюджетинин кирешеси 8 миллиард 865,1 миллион сом деп белгиленип, былтыркыга салыштырмалуу 368,9 миллион сомго көп болду. Ал эми чыгыша бөлүгү 8,5 миллиард сом болот деп болжоодонууда.

"Саламаттык сактоо" беренеси боюнча чыгымдарды 18,9 миллион сомго азайтуу каралууда. Ал 273,6 миллион сомду түзөт. Ал эми билим берүүнүн чыгымдарын 102,2 миллион сомго кыскартып, 3 миллиард 362 миллиондун чегинде пландалууда.

Социалдык коргоого кеткен дагы чыгымдарды азайтуу каралууда, ошол эле учурда даректүү жардам берүү 163 миллиондон 191 миллион сомго чейин көбөйөт.

Ошол эле учурда транспорт тармагына, коомдук тартип менен коопсуздукка көп каражат бөлүү пландаштырылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0