Президент өнүгүү программасы эмнеге 2040-жылга чейин түзүлүп жатканын айтты

Жазылуу
2040-жылы Улуу Кыргыз каганатына 1 200 жыл толот. Андыктан президент бул датаны татыктуу тосуп алуу керектигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды өнүктүрүү стратегиясы эмне себептен 2040-жылга чейин кабыл алынып жатканын мамлекетти туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: ЕАЭБге каршы сүйлөп жаткандар мигранттардын укугун унутпашы керек
Анда 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы жана Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы каралууда.

Атамбаев өз сөзүндө стратегияны кабыл алуу маалында чоң көйгөйлөр болгонун баса белгилеп, айрым чет элдик эксперттер Кыргызстанды "мамлекет болуп калыптана элек" деп баалап жибергенин айтты.

Президент убакыттын өтүшү менен Кыргызстан өзгөрүп бутуна турганын кошумчалап, эми башка мамлекеттин лидерлери Кыргызстанда жасалып жаткан реформаларга жогорку баа берип жатканын белгиледи.

"Туура жолдон тайбаш үчүн 2040-жылга чейин программаны иштеп чыгышыбыз керек. Эмне үчүн ушул жылга чейин деген суроо туулушу мүмкүн. Себеби, 2040-жылы Улуу Кыргыз каганатына 1 200 жыл толот. Андыктан биз аны татыктуу тосуп алышыбыз керек", — деди Атамбаев.

Башка бир себеп 2041-жылы өлкөнүн эгемендүүлүгүнө 50 жыл толот. Президент элүү жылда эл жаңырарын айтты.

Белгилей кетсек, 840-жылы Уйгкр каганатын жеңгенден кийин Енисей кыргыздары өздөрүнүн каганатын түзгөн. Алардын доору тарых барактарында "Улуу кыргыз каганаты" деген ат менен жазылып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0