Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн төрт жылдык программасы бекитилди

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКолбаса заводу. Архив
Колбаса заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Программаны ишке ашыруу КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлдү.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. КР өкмөтү өлкөдө тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2017-2021-жылдарга карата программасын бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү токтомго 1-апрелде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мындай чечим 2013-2017-жылдарга белгиленгин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясын аткаруу максатында, ошондой эле тамак-аш кайра иштетүү тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Суткасына 10 тонна томат пастасын чыгарган орнотмо. Чериковдун ойлоп табуулары - Sputnik Кыргызстан
Суткасына 10 тонна томат пастасын чыгарган орнотмо. Чериковдун ойлоп табуулары
Программанын негизги максаты – азык-түлүк жана сырьелук ресурстардын ички булактарын туруктуу өнүктүрүү, калкты сапаттуу жана коопсуз тамак-аш азыктары менен туруктуу камсыздоо болуп саналат.

Программаны ишке ашыруу КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлдү.

Андан сырткары министрликтер, ведомстволорго жана өкмөттүк облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жарым жылдыктын жана бир жылдыктын жыйынтыктары боюнча Айыл чарба министрлигинин программасын ишке ашыруу тууралуу маалымат берүү тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0