Европа өнүктүрүү банкы уран калдыктары сакталган жерлерди жакшыртууга жардамдашат

© Sputnik / Сергей Кривошеев / Медиабанкка өтүүРадиациалык окуулар. Архив
Радиациалык окуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймагында тоо-кен өндүрүшүнөн чыккан уулуу калдыктар сакталган 92 объект жайгашкан.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстандагы мурда уран чыккан объекттерди реаблитациялоого каражат бөлүп берүүгө даяр. Бул тууралуу аталган банктын Борбор Азиядагы жетекчиси Нил Маккейн КР экономика министри Арзыбек Кожошев менен жолугушканда билдирди.

Экономика министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык банк 1993-жылдан бери жалпы баасы 693 миллион евролук 154 долбоорду ишке ашырган.

"Маккейн ошондой эле мурда уран казылган жерлерди бекер реабилитациялоого каражат бөлүүгө, ошондой эле Кыргызстандын уран казуудагы кесепеттерин жоюуда өз деңгээлин жогорулатууга жардам берүүгө даяр", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын аймагында тоо-кен өндүрүшүнөн чыккан уулуу калдыктар сакталган 92 объект жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0