"Ысык-Көл" форумуна чет элдик инвесторлор чакырылат

© Фото / Владислав УшаковЧолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борбору. Архив
Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Рух-Ордо маданий борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумдун максаты — бизнес менен мамлекеттик сектордун өз ара кызматташуусу үчүн аянтча түзүү болуп саналат.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Быйылкы жылдын үчүнчү кварталында Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда "Ысык-Көл — 2017" деп аталган экономикалык форум өткөрүү пландалып жатканын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Иш-чара бизнес менен мамлекеттик сектордун өз ара кызматташуусу үчүн аянтча түзүү максатын көздөйт. Мындан тышкары, чет элдик инвестиция тартуу менен ишке ашырылуучу долбоорлордун санын көбөйтүү жана эл аралык кызматташууну чыңдоо биринчи пландагы иш-аракет болмокчу.

"Форум экономика жана бир катар тармактарга багытталган бир нече секциядан турат. Ал Кыргызстандын ишкерлери үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет", — деп айтылат маалыматта.

Форумга алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн 400гө чукул ишкердин катышуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0