Улуттук банк: алтын запасынын наркы 1 миллиард 514 миллион сомго жогорулады

© AFP / SEBASTIAN DERUNGSАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын эл аралык валюта резерви ондон ашуун өлкөнүн валютасынан жана алтындан турат.

БИШКЕК, 19-Мар. — Sputnik. Жыл башынан бери Улуттук банктын алтын запасынын наркы 1 миллиард 514 миллион сомго жогорулады. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалды.

Жизнь и быт в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Рейтинг: Кыргызстан кайрадан 50 жакыр өлкөнүн катарына кирди
Кыргызстандын эл аралык валюта резерви ондон ашуун өлкөнүн валютасынан жана алтындан турат. Резерв эл аралык эсеп-кысап жана төлөмдөр, төлөм балансынын таңкыстыгын жоюу жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн пайдаланылат.

1-январга карата алтындын запасы 11 миллиард 810 миллион сомго чейин жетсе, 1-мартка карата  13 миллиард 324 миллион сом болду. Ошентип өткөн жылга салыштырмалуу алтындын запасы 1 миллиард 514 миллион сомго өстү.

Нью-Йорк биржасынын маалыматы боюнча, алтындын бир унциясы 1 151 долларды түздү. Бирок буга карабастан америкалык валюта 69,23 сом чегинде бааланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0