БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Экономика министрлиги канцелярдык товар сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, министрлик канцелярдык буюмдар үчүн 2 миллион 454 миң 105 сом сарптоого даяр.
Тендер 15-мартта жарыяланып, мөөнөтү 6-апрелде аяктайт.