БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Чек ара кызматы күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, Чек ара кызматы Аи-92, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин менен дизель майы үчүн 13 миллион 256 миң сом сарптоого даяр.
Тендер 10-мартта жарыяланып, мөөнөтү 31-мартта аяктайт.