Улуттук банк: Кыргызстанда алтындын запасы өсүүдө

© REUTERS / Sergei KarpukhinАлтын куймасы. Архив
Алтын куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын 31-январына карата резерв 1 миллиард 983 миллион 70 миң долларды түзүп, ал эми февралдын аягында 1 миллиард 991 миллион 490 миң долларга жеткен.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Февраль айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын эл аралык валюта резерви 8 миллион 420 миң долларга өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жазылган.

Завод по производству молочной продукции ОАО Ак-Сут - Sputnik Кыргызстан
"Акун", "Шер", "Шин-Лайн" компаниялары салыктан эмнеге бошоду? Министрликтин жообу
Өткөн айда Улуттук банк долларды саткан да, сатып алган да эмес.

Ушул жылдын 31-январына карата резерв 1 миллиард 983 миллион 70 миң долларды түзүп, ал эми февралдын аягында 1 миллиард 991 миллион 490 миң долларга жеткен.

Бул август айынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Анда резервде 2 миллиард доллар болгон, андан соң запас төмөндөп, кийинчерээк ал кайра өскөн. Чет элдик валютанын резерви эл аралык эсептешүүлөр жана төлөө үчүн, төлөмдөр балансынын тартыштыгын жабуу жана сомдун курсун турукташтырып туруу максатында пайдаланылат. Эл аралык валюта резерви алтындан, ар түрдүү өлкөнүн жана Эл аралык валюта фондусунун валютасынан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0