"Акун", "Шер", "Шин-Лайн" компаниялары салыктан эмнеге бошоду? Министрликтин жообу

Жазылуу
Пайда салыгынан тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайлары 2018-жылдын 1-сентябрына чейин бошотулган.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 60тан ашуун ири ишкана пайда салыгынан бошотулганы, алардын арасында — "Шер", "Шин-Лайн", "Шоро", "Бишкексут", "Акун", "Умут и К" сыяктуу компаниялар бар экенин буга чейин айрым ЖМКлар жазып чыккан. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Экономика министрлигинен дагы тастыкташты.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бирдиктүү салык декларациясын ким, качан, кантип тапшырышы керек
Маалыматка караганда мындай жеңилдиктер тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайларына берилген. Ушу тапта пайда салыгы жалпы кирешенин 10 пайызын түзөт.

Ошондон кийин коомчулукта, соцтармактарда аталган компаниялар аткаминерлерге тиешелүү деген пикирлер айтылып, талкуу болгон.

64 компаниянын пайда салыгынан бошотулушунун себептерин Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Исабеков айтып берди.

Анын айтымында, аталган жеңилдик Салык кодексинин 2009-жылкы №5 мыйзамына ылайык киргизилген.

"Мыйзамга ылайык пайда салыгынан 2018-жылдын 1-сентябрына чейин тамак-аш жана айыл-чарба продукцияларын кайра иштеткен иш каналар бошотулган. Ал тизмеге кириш үчүн ишкана Салык кызматынан "карызы жок" деген маалымдама менен Улуттук статистика комитетинен "Экономикалык ишкердүүлүктүн түрлөрү" боюнча мамлекеттик классификатордун критерийлерине туура келет" деген маалымдама алып, Экономика министрлигине кайрылышы керек. Ал критерийлерге жаңы союлган жана муздатылган этти, сүттү, буудайды жана башка айыл чарба продукцияларын кайра иштеттүү сыяктуу тамак-ашка байланыштуу ишкердиктин түрү кирет. Ошондой эле текстилдик өндүрүш менен тери иштетүү дагы каралган", — деди Исабеков.

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика коллегиясынын мүчөсү Татьяна Валовая - Sputnik Кыргызстан
Татьяна Валовая: Кыргызстан экономикалык өсүү жагынан лидерлик позицияда
Ишкананын кайрылуусун Экономика министрлиги карап чыгып, ведомстволор аралык комиссияга жөнөтөт. Комиссиянын курамына Финансы, Айыл чарба министрликтеринин, Салык кызматынын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү кошулат. Андан кийин гана тизмени өкмөт бекитет.

Юстиция министрлигинин расмий сайтында жазылгандай, "Бишкек тегирмени", "Акун" ишканалары Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишовага таандык. Ал эми "Дан-Юг" компаниясына ээлик кылган Султанбек Тойгонбаев "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан депутаттыкка талапкер болгон. "Шердин" кожоюну Шамиль Арлиев аттуу ишкер болсо, "Бишкексүткө" Маргарита Румянцева ээлик кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0