Өлкөдөгү көмүр кендерин иштетүүгө лицензия берүү үчүн документтер кабыл алына баштады

Жазылуу
Миң-Куш, Кара-Кече жана Ош облусундагы Жатан көмүр кендерин пайдаланууга укук берүү боюнча аукцион өтөт.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы бир катар көмүр кендерин иштетүүгө лицензия берүү үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын облусундагы Миң-Куш, Кара-Кече жана Ош облусундагы Жатан көмүр кендерин пайдаланууга укук берүү боюнча аукцион өтөт. Учурда кызыктар тараптардан тиешелүү документтерди кабыл алуу башталды.

Анда Миң-Куш, Кара-Кече көмүр кендеринин аукционуна документтер 15-апрель 15:00гө чейин, ал эми Жатан көмүр кенине 18-апрель 15:00гө чейин кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0