Финляндия Кыргызстандын балы менен кургатылган мөмө-жемишин алууга даяр

Жазылуу
Жергиликтүү жаңгак, кургатылган мөмө-жемиштер менен балды ири көлөмдө Финляндияга апрель айында жөнөтүү пландалууда.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Финляндия өлкөсү Кыргызстандан жаңгак, кургатылган кара өрүк, өрүк жана бал алууга даяр. Бул тууралуу Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда аталган продукцияны чыгарган дыйкандардан өтүнмөлөрдү кабыл алуу иши башталды. Кызыкдар тараптар март айында өздөрүнүн продукциялары жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик агенттике жиберүүсү керек.

Ал эми жергиликтүү продукцияны ири көлөмдө аталган өлкөгө апрель айында жөнөтүү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0