Министрлик: Караколдун депутаттары 1 млн. долларлык инвестицияга уруксат берген жок

© Фото / Азамат АйтбаевПроект реконструкции центрального сквера в городе Каракол
Проект реконструкции центрального сквера в городе Каракол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франциялык инвесторлор эл өкүлдөрүнөн аянты 3,5 гектар скверди 15 жылга ижарага берүүнү сурашкан. Долбоорго ылайык, эс алуучу жайдын ландшафтык дизайны өзгөртүлүп, инвесторлор миллион доллар сарптоону пландашкан.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Каракол шаарынын кеңеши борбордук аянтты оңдойбуз деп кайрылган франциялык инвесторлордун сунушун создуктургандыктан чет элдик ишкерлер бул оюнан баш тарткан. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча инвестиция жана экспортту алдыга жылдыруу мамлекеттик агенттиктин өкүлү Мирлан Сабыров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске салсак, франциялык инвесторлор аларга аянты 3,5 гектар скверди 15 жылга ижарага берүүнү сурашкан. Долбоорго ылайык, сквердин ландшафтык дизайны өзгөртүлүп, ага инвесторлор миллион доллар сарптоону пландашкан.

"Шаардык кеңеш маселени создуктуруп жиберди. Алар "ооба", же "жок" деген да жооп айтышкан жок. Жыйынтыгында инвесторлор белгиленген мөөнөттө ишти аткарып жетишпестигин айтып, сунушунан баш тартышты. Алардын планы боюнча иштер апрелде башталып, июнда аяктамак. Инвесторлор дагы өздөрүнүн ички жумуштарын аткарууга убакыт керектигин айтышкан", — деди ал.

© Фото / Азамат АйтбаевКаракол шаарынын борбордук аянтынын проекти
Каракол шаарынын борбордук аянтынын проекти - Sputnik Кыргызстан
1/2
Каракол шаарынын борбордук аянтынын проекти
© Фото / Азамат АйтбаевКаракол шаарынын борбордук аянтынын проекти
Каракол шаарынын борбордук аянтынын проекти - Sputnik Кыргызстан
2/2
Каракол шаарынын борбордук аянтынын проекти
1/2
Каракол шаарынын борбордук аянтынын проекти
2/2
Каракол шаарынын борбордук аянтынын проекти

Сабыровдун айтымында, долбоордун ишке ашпай калганы жаман болду.

"Жергиликтүү бийлик паркты эми качан калыбына келтирет? Шаардын бюджети болгону 180 миллион сомду эле түзүп, шаарды өнүктүрүүгө болгону 15 миллиону бөлүнөт. Инвесторлор 70 миллион сом (курс боюнча миллион доллар) салууга даяр болчу, эми кандай болот, билбейм…", — деди ал.

Өз кезегинде шаардык кеңештеги комиссиянын төрагасы Канатбек Ишембиев инвесторлорго көп суроо берилгенин, бирок аларга жооп ала албагандыгын билдирди.

Ремонт дорог в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Каракол шаарынын асфальт төшөлгөн көчөлөрүнө топурак төгүлүүдө
"Чындыгында алар келип жолукканда эле жерди ижарага бергиле дешип, андан кийин гана комрьютерде жасалган чиймелерин көрсөттү. Эч кандай документтерди көргөзгөн жок. Каражат тууралуу так айтышкан жок, жерди берсеңер анан инвестор издеп баштайбыз дешти. Ошондуктан аларга даярданууга канча каражат кетерин так эсептегиле деп убакыт бергенбиз. Андан кийин алар келишкен жок", — деди Ишембиев.

Депутат өз сөзүндө шаардык кеңеш муниципалитеттин жерин көрүнгөнгө эле кармата бербей турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0