"Кыргызтелеком" байланыш кызматын сунуштоодо эми монополист болбойт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызтелеком" ААКынын имараты. Архив
Кыргызтелеком ААКынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электрондук байланышка спутниктик, уюлдук, радио байланыш жана интернет кирет.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ААКы эми электрондук байланыш кызматын сунуштоо рыногунда жалгыз монополист болбойт. Тийиштүү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мыйзам Кыргызстандагы электрондук жана почта байланышы боюнча нормативдик базаны шайкеш келтирүүгө, ошондой эле "Негизги административдик ишмердүүлүк жана административдик процедуралар жөнүндөгү" мыйзамга тууралоону көздөйт.

Электрондук байланышка спутник, уюлдук, радио байланыш жана интернет кирет.

"Мыйзамдын 28-беренесинде эксклюзивдик электрондук жана тармактар аралык байланыш кызматын сунуштоодо жобосу жокко чыгарылган. Андыктан "Кыргызтелекомго" электрондук байланыш кызматын сунуштоодо өзгөчө укугу алып салынат", — деп айтылат президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Документтин негиздемесинде мындай өзгөртүүлөр Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун электрондук кызмат көрсөтүүдө чектөөлөрдүн болбошу жөнүндөгү талабын аткаруу үчүн жасалганы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0