Кыргызстан менен Россиянын Бажы кызматынын башчылары жолукту

© Фото / пресс-служба ГТС при ПКРПредседатель Государственной таможенной службы КР Азамат Сулайманов и глава Федеральной Таможенной службы РФ Владимир Булавин во время посещения Республиканского центра ветеринарной диагностики и экспертизы государственной инспекции по ветеринарной и фитосанитарной безопасности
Председатель Государственной таможенной службы КР Азамат Сулайманов и глава Федеральной Таможенной службы РФ Владимир Булавин во время посещения Республиканского центра ветеринарной диагностики и экспертизы государственной инспекции по ветеринарной и  фитосанитарной безопасности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Булавин Кыргызстанга жогорку технологиялык жабдуулардын биринчи партиясы келгенин, эми экинчи партиясын алып келүү пландалып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов менен Россиянын бажы кызматынын башчысы Владимир Булавин жолугушканын аталган ведомстводон кабарлашты.

Билдирмеге караганда, алар ЕАЭБдин алкагында ачылган Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунда болушкан.

Булавин Кыргызстанга жогорку технологиялык жабдуулардын биринчи партиясы келгенин, эми экинчи партиясын алып келүү пландалып жатканын айткан.

"Тогуз автоунаа өткөрмө пунктун, төрт темир жолду, эки аба майданын, ошондой эле 15 лабораторияны жабдуу иштерин аягына чыгаруу керек. Ошондой эле жакынкы аралыкта жогорку технологиялык жабдуулардын экинчи партиясын Бишкек жана Ош шаарларына алып келүү ишке ашырылат", — деп билдирди Булавин.

Ал ошондой эле аба жолдорундагы өткөрмө пункттарына көтөрүп жүрүп текшерүүгө ала турган жабдуулардын кичи көлөмү келгенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин алкагында Россия 2016-жылдын аягында Кыргызстанга 1,5 миллион долларлык ветеринардык лаборатория жабдууларын берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0