Салык кызматы декларацияны түнкү 12ге чейин кабыл алууда

© Фото / пресс-служба ГНС КРЗаполнение единой налоговой декларации
Заполнение единой налоговой декларации - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирдиктүү салык декларациясын толтурбагандарга 2000 сомго чейин айып салынат.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Салык кызматы февралдын аягына чейин бирдиктүү салык декларациясын түнгө чейин кабыл алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар 2016-жылы алынган кирешелер, жер тилкелери жана мүлктөрү тууралуу салык органдарына отчет бериши керек.

"Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом, ал эми юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат", — деп жазылат маалыматта.

Декларациялык кампания тууралуу толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0