БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. 20-апрелден 24-апрелге чейин Бишкек шаарында "Кыргызстан-2017" аттуу XIX эл аралык универсалдык көргөзмө-жарманке өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы маалымдады.
Аталган иш-чара өкмөттүн колдоосу менен уюштурулуп, ага ата мекендик компаниялардан тышкары КМШ жана алыскы өлкөлөрдөн келген фирма, компаниялар катышат.
Уюштуруучулардын айтымында, аталган көргөзмө жаңы компания, кызматтарды тааныштырып, өнөктөш таап алар менен түзмө-түз иштешүүгө көмөктөшөт.
Көргөзмө-жарманке 12 бөлүктөн туруп, элге ар түрдүү тамак-аш продукциясынан тарта жеңил өнөр жай, банктык кызматтарга чейинки кызматтар сунушталат.