Өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү планы талкууланат

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональные монеты Кыргызстана
Национальные монеты Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин алдыда боло турган отурумуна кылдат даярданууну тапшырды.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин алдыда боло турчу отурумуна дярдык көрүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Возложение президентами цветов к Мемориалу памяти погибших в 1916 году в комплексе Ата-Бейит - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Кыргызстандын президенти ким болорун Москва менен Вашингтон чечпейт
Жолугушууда Улуттук Кеңештин алдыда боло турган отурумунда 2013-2017-жылдары мамлекетти туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруунун алдын-ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу маселелери талкуулана турганы айтылды.

Президент өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин алдыда боло турган отурумуна кылдат даярданууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0