ЕАЭБдеги интеграция — РФ өкүлдөрү Бишкекте өтчү конференцияга катышат

Жазылуу
Эл аралык конференцияда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер коопсуздук, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашат.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Эртең, 21-февраль күнү, Бишкекте "Россия — Кыргызстан: келечекке багыт алган өнөктөштүк (коопсуздук, экономика, гуманитардык кызматташуу)" аталышындагы эл аралык конференция өтө турганын "Евразийцы — новая волна" фондусу билдирди.

Урожай помидоров - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн жаңы рынок издейт
Иш-чаранын жүрүшүндө аймактык коопсуздукту чыңдоодо кыргыз-орус кызматташуусунун мааниси, ЕАЭБ алкагында Кыргызстан менен Россиянын экономикалын өнөктөштүгү сыяктуу маселелер талкууланат.

Россия тараптан конференцияга Мамлекеттик Думанын Коргоо комитетинин төрага орун басары Виктор Заварзин, Эл аралык экономика жана эл аралык мамилелер институтунун өкүлү Елена Кузьмина, ал эми Кыргызстандан вице-премьер Олег Панкратов, ЖК депутаттары, министрлик менен ведеомстволордун өкүлдөрү катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0