БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" борбор калаанын көчөлөрүн оңдоо үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, муниципалдык ишкана жолдорду оңдотуу үчүн 135 миллион 500 миң 466 сом сарптоого даяр.
Тендер 18-февралда жарыяланып, мөөнөтү 13-мартта аяктайт.