Кыргыз-орус өкмөтү экономикалык кызматташуу программасын иштеп чыкмай болду

Жазылуу
Жыйындын алкагында кыргыз продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатуу макулдашылды. Кезектеги жыйын келерки жылы Бишкек шаарында өтөт.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Жакынкы аралыкта кыргыз өкмөтү менен Россия өкмөтүнүн 2018-2021-жылдарга карата экономикалык кызматташуусу боюнча атайын программа иштелип чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай чечим бүгүн 17-февралда вице-премьер министр Олег Панкратов менен Россиянын федералдык бажы кызматынын башчысы Владимир Булавиндин жетекчилиги астында Москвада өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык жыйынында кабыл алынган.

"Жыйындын алкагында соода-сатык тармагы талкууга алынып, кыргыз продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатуу макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны келерки жылы Бишкек шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0