Кыргызстандын эл аралык валюта резерви 14 миллион долларга өстү

Жазылуу
Улуттук банк өткөн айдын ичинде эки ирет чет өлкөлүк акчаны сатыкка чыгарып, 17 миллион 650 миң долларды соодалады.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Январь айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын эл аралык валюта резерви 13 миллион 940 миң долларга өскөнүн тууралуу Улуттук банктын сайты жазып чыкты.

200 сом номиналындагы жаңы акча - Sputnik Кыргызстан
Окурман: терминалдар жаңы сомдорду кабыл албай жатат
Өлкөнүн башкы банкы өткөн айдын ичинде эки ирет валюта базарына чыгып, 17 миллион 650 миң доллар саткан. Январь ичинде доллардын наркы 10 тыйынга төмөндөп, 69,13 сомду түздү.

2016-жылдын 31-декабрына карата валюталык резерв 1 миллиард 969 миллион 130 миң доллар болсо, 2017-жылдын январынын аягында ал 1 миллиард 983 миллион 870 миңди түздү.

Бул өткөн жылдын август айынан берки эң жогорку көрсөткүч, аталган мезгилде резервде 2 миллиард доллар бар болчу. Чет элдик валютанын резерви менен эл аралык төлөмдөрдү аркарууда, төлөм балансынын тартыштыгын жабууда жана сомдун курсун турукташтырууда колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0