Улуттук банк жаңы сомду кабыл албай жаткан терминалдар боюнча жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание национального банка кыргызской республики
Здание национального банка кыргызской республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин окурман жаңы 200 сомдукту POS-терминалдар кабыл албай жатканы тартылган видеону жөнөткөн.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы терминалдардын жаңы сомду кабыл албай жатышы боюнча өз жообун берди.

Жаңы 200 сомдук купюра. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дизайнерлер 200 сомдогу Алыкул Осмоновдун чалыр болуп калганын айтышты
Буга чейин окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу POS-терминал жаңы чыккан 200 сомду кабыл албай жаткан видеосун жиберген. Ал эми "Мобильник" ЖЧКсы терминалдар жаңы банкнотторду азырынча "тааный" электигин ырастаган.

Улуттук банк "Төлөм операторлор ассоциациясына" 200, 500 жана 1000 сомдуктардын 50 даана үлгүсү берилгенин билдирди. Банкноттор терминалдарды тестирлөө үчүн берилген.

"Мобильник ЖЧКсы аталган ассоциациянын мүчөсү болуп эсептелет. Компания жаңы банкнотторду терминалга ылайыкташтыруу үчүн Улуттук банкка арыз менен кайрылган эмес", — деп Улуттук банктан билдиришти.

Улуттук Банк 1-январдан тарта жаңы үлгүдөгү 200, 500 жана 1000 сомдуктарды жүгүртүүгө киргизген.

Жаңы 200 сом кандай болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0