Кыргызстанды тамеки менен Тажикстан "камсыз" кыла баштады

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүТамеки сатуу. Архив
Тамеки сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткезчиликтин бирден бир себеби — Тажикстандагы акцияздик коюм бир топ төмөн.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстанда Тажикстандан массалык түрдө контрабандалык тамеки келип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Тажикстан менен Кыргызстан чек арасынын айрым аймагы такталбагандыктан контрабандачылар ал жактан ээн-эркин өтүшүүдө.

"Тажикстандан тамеки массалык түрдө былтыртан баштап алып келине баштады, он миңдеген кутуларды кармап жатабыз. Буга Тажикстандагы акциздик салыктын төмөн экени себеп болууда. Кыргызстан менен айырмасы канчалык экенин айта албайм, бирок адамдар ушундай тобокелчиликке барып жаткандан кийин бир топ эле окшойт", — деди ал.

Урожай помидоров - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн жаңы рынок издейт
Жетекчинин айтымында, аткезчилик жол менен көбүнчө Winston тамекилери келет.

Мекеменин маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча 2016-жылы 39,5 миң таңгак аныкталса, жыл башынан бери 95 миңи алынган. Мындан тышкары, тамеки мыйзамсыз сатуу үчүн алып келиниши мүмкүн экени кошумчаланды. Анткени мыйзамдуу сатыкка чыгарууга тажик акциздери жол бербейт.

Кыргызстанда бир миң фильтрлүү тамеки үчүн акциз 1000 сом болсо, Тажикстанда 0,85 евро (63,2 сом). Ал эми Winston тамекисинин бир кутусу 53-55 сом турса, Тажикстанда 4-5 сомони (34-35 сом).

Жаңылыктар түрмөгү
0