Өкмөт айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн жаңы рынок издейт

© AFP / PATRICIA DE MELO MOREIRAУрожай помидоров
Урожай помидоров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазгы-талаа иштерине даярдык көрүүдө ар бир аймактын өзгөчөлүктөрү эске алынган.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Айыл чарба продукцияларын Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөргө экспорттоодон сырткары, жаңы рынокторду дагы издөө керектигин өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Компания Калининградский деликатес - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ветлабораторияларды ачуу үчүн 170 млн. сом бөлүнөт
Жыйын учурунда жазгы-талаа иштерине даярдык көрүү маселеси талкууланган.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев талаа иштерине даярдык көрүүдө ар бир аймактын өзгөчөлүктөрү эске алынганын айтты.

Анын берген маалыматына караганда, жер-жерлерде оперативдик штабдар түзүлүп, ЕАЭБдин рыногуна багытталган айдап-себүү аянттары аныкталган.

Министрдин берген маалыматынан кийин өкмөт башчы Айыл чарба министрлиги канча көлөмдөгү чийки зат кайра иштетилерин жана алардын экспорттолушун алдын ала так пландоосу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0