ЕБ адистери Кыргызстандан Европага товар экспорттоонун жолун үйрөтөт

© Фото / пресс-служба посольства КР в РоссииЖер-жемиштер. Архив
Жер-жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жылдан бери Кыргызстан Евробиримдикке алты миңден ашык товарды бажы салыгы жок алып кирүүгө укуктуу.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Европадан келген адистер товар экспорттоонун жол-жобосун үйрөтөрүн Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Кыргызстан бир жылдан бери Европа биримдигине алты миңден ашык товарды бажы салыгы жок алып кирүүгө укуктуу. Былтыр он бир айда жалпысынан 68 миллион долларлык товар жиберилген. Негизинен улуттук кийим-кече, төө буурчак, кургатылган жемиштер, мумия жана козу карын сатылган. 

"Бүгүн Кыргызстанга Европадан эксперттер келет. Алар өкмөткө Евробиримдикке ири көлөмдө товар экспорттоого көмөк көрсөтүшөт. Эки эксперт 15 күн ичинде Бишекек менен Ошто иш алып барат", — деп айтылат маалыматта.

Адистер лабораториялардын абалын карап, өлкөдөгү фитосанитардык мекемелердин мүмкүнчүлүгүн баалашат. Ошондой эле бажы органдарынын иши менен таанышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0