Москвада Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын экономикасына арналган иш-чара 16-февралга белгиленген.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде Москвада аккредитациядан өткөн чет элдик соода-экономикалык миссияларынын жетекчилер клубунун жыйыны өтүп, анда Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү талкууланат. Бул тууралуу КР элчилиги билдирди.

Работа Московского винно-коньячного завода КиН - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт "Мыкты экспортчу" сынагын уюштурат
Маалыматка ылайык, клуб мамлекеттер арасындагы тышкы экономикалык мамилелерди чыңдоо, экспорт менен импорттун структурасын жакшыртуу, инвестиция тартуу максатын көздөйт. Эреже боюнча ар квартал сайын эки өлкө жана эки аймак боюнча экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр талкууланып, артыкчылыктары айтылат.

"Жыйын алкагында Кыргызстандын экспорттук жана туристтик потенциалына басым жасалат. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү сунушталат", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага чет элдик соода жаатындагы адистер, элчиликтердин экономикалык кеңешчилери, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0