Февралда газдын баасы эки тыйынга арзандады

© flickr.com / Steven DepoloОтключение газа в Кыргызстане
Отключение газа в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газдын тарифи ай сайын АКШ долларынын Улуттук банк тарабынан бекитилген курсу менен өзгөрүп турат.

БИШКЕК, 01-фев. — Sputnik. Февраль айына карата 1 куб метр газдын баасы калк үчүн 14,46 сом, өнөр-жай ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын кошкондо 17,72 тыйын деп белгиленди. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Газ жана акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Газга болгон карыздын негизги бөлүгүн төлөгөндөрдүн тууму жоюлат
Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин "Калк үчүн жаратылыш газынын тарифи жөнүндөгү" буйругуна ылайык, газдын тарифи ай сайын АКШ долларынын Улуттук банк тарабынан бекитилген курсу менен өзгөрүп турат.

Белгилей кетсек, январда көгүлтүр оттун баасы калк үчүн 14,48 сом, өнөр-жай ишканалары үчүн 17,75 сом болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0