"Дордойдогу" контейнерлер эмне үчүн жабылып жатканын өкмөт түшүндүрдү

Жазылуу
Ири соода борборлорунун ачылышы, жарандардын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн азайышы жана кытай жарандарынын мекенине кетип жатышы сооданын солгундашына таасир берүүдө.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. "Дордой" базарында 6 миң контейнердин жабылышына сооданын солгундашы себеп экенин, бул убактылуу көрүнүш экенин КР өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Экономический форум Евразийская экономическая перспектива в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Парламент 2-февралда ЕАЭБ боюнча өкмөттүн отчетун угат
Ал эми соода-сатыктын кыскарышына базардын чатырынын кулашы, кытай жарандарынын өлкөдөн чыгып кетиши жана Бишкекте ири соода комплекстеринин ачылышы да таасирин берип жатканы айтылат.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча 2015-жылы базардагы ишкерлерге 125 миңден ашык патент берилсе, 2016-жылы болсо 119 миң ишкер патент алган.

Андан сырткары, кышында "Дордой" базарындагы соода-сатык төмөндөрүн өкмөт билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0