Абдраев: өлкөдө сомдун тартыштыгы жок

© Sputnik / Табылды КадырбековСтолдогу акча каражаттар. Архив
Столдогу акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым эксперттер былтыр Кыргызстанда сомдун тартыштыгы байкалганын маалымдашкан.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы банктарда сом жетиштүү көлөмдө экенин "Кыргызстандын банктар союзу" биримдигинин президенти Анвар Абдраев Sputnik агенттигине билдирди.

Буга чейин айрым эксперттер былтыр Кыргызстанда сомдун тартыштыгы байкалганын маалымдашкан.

"Ошол учурда экономикадан долларды алуу аракеттери жүргөн. Дал ушул учурда сомдун тартыштыгы байкалган болчу. Мындан тышкары, буга теңгенин девальвациясы жана рублдин арзандашы да таасир берген. Андыктан банктар насыяларды сом менен берүү боюнча күмөн санап калышкан", — деди Абдраев.

Ал ошондой эле азыр сомдун таңкыстыгы жок экенин жана насыя берүү үчүн улуттук валюта жетиштүү көлөмдө экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0