Февралдан тарта күйүүчү май 2 сомго чейин арзандашы ыктымал

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүНа АЗС в Великом Новгороде
На АЗС в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы эсептөөлөр боюнча бир тонна мунай затты Россиядан Кыргызстанга алып келүүнүн баасы 45-48 долларды түзгөн.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бирдей темир жол тарифтеринин колдонулушунан улам февраль айы ичи күйүүчү майдын баасы 2-2,5 сомго чейин арзандашы күтүлүп жатканын өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Николай Чуйков өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы эсептөөлөр боюнча бир тонна күйүүчү майды Россиядан Кыргызстанга алып келүү 45-48 доллардан айланууда.

Чуйков ошондой эле, акыркы үч айда Россиянын күйүүчү жана майлоочу май рыногунда мунай затты кайра иштеткен заводдордогу дүң баа өскөнү байкалганын айтып, ал өз кезегинде жергиликтүү рыноктогу баанын жогорулашына таасир бергенин кошумчалады.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Экономист Акенеев: Россиядан салыксыз келген мунай КР муктаждыгынын 90 пайызын жабат
Анын жыйынтыгында 2016-жылдын октябрь айынан 2017-жылдын январына чейин күйүүчү майдын үлгүсүнө жараша баасы 10 пайыздан 18 пайызга чейин өскөн.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын башында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы эки айга жеткидей күйүүчү майдын запасын камдап алышкан.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндөгү негизги милдет жазгы талаа иштерине керектелчү майды камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Быйыл айыл-чарба иштерине 100 миң тонна дизель майы жана 26 миң тонна бензин керектелери аныкталган.

Тийиштүү мамлекеттик ведомстволорго күйүүчү майдын баасын, көлөмүн көзөмөлдөө үчүн атайын тапшырмалар берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0