Парламент 2-февралда ЕАЭБ боюнча өкмөттүн отчетун угат

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономический форум "Евразийская экономическая перспектива" в Бишкеке
Экономический форум Евразийская экономическая перспектива в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин премьер-министрдин жетектөөсү менен жыйын өткөрүлүп анда бирикме алкагында аткарыла турган пландар тууралуу талкуу жүргөн.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеш 2-февралда Евразия экономикалык биримдиктин алкагында аткарылган иштердин жыйынтыктары боюнча өкмөттүн отчетун угат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин премьер-министрдин жетектөөсү менен жыйын өткөрүлүп анда бирикме алкагында аткарыла турган пландар тууралуу талкуу жүргөн. Жыйын учурунда ата мекендик 19 ишкана ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргендигине байланыштуу сүт азыктарынын экспорттук көлөмү өскөндүгү айтылган.

Сүт азыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт экспорту үч эсеге жогорулады
Ошондой эле өкмөттүн маалыматына караганда, сүт азыктарынын чет өлкөлөрдөн импорттолушунун көлөмү кыйла төмөндөгөн. Бул ЕАЭБдин алкагындагы позитивдүү көрүнүштөрдүн бири экендигин премьер-министр баса белгилеген.

Ал эми Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков 2017-жылы Кыргызстан толугу менен ЕАЭБдин техникалык регламентине өтө турганын билдирген. Ошондой эле Кыргызстандан чыккан продукциялар ISO (Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм) талаптарына жооп бериши үчүн ишкерлер менен чоң иш жүргүзүлөрүн белгилеген.

Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунда ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0