Кыргызстандын бизнес-чөйрөсүндөгү кирешелүү беш тармак

© AFP / ROSLAN RAHMANАКШ долларларын санап жаткан адамдын архивдик сүрөтү
АКШ долларларын санап жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статистикалык комитет былтыр кайсы тармак кирешелүү болуп, кайсынысы чыгымга учураганын аныктап чыкты.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Былтыр кайсы ишканалардын ийгилиги артып, көп пайда тапканы тууралуу маалыматтар Улуттук статистикалык комитет өзүнүн отчетунда жарыялады. Sputnik Кыргызстан анын ичинен эң мыкты аталган беш тармакты тандап алды.

1. Энергетика. Былтыр энергетикалык компаниялардын таза кирешеси 5,8 миллиард сомду түзгөн. Ал эми андан мурдагы жылы бул тармак 10 миллиард сомдук чыгымга учураган.

Линии электропередачи Датка-Кемин - Sputnik Кыргызстан
Исаков: индиялык ишкерлер Кыргызстандын энергетика тармагына кызыгууда
2. Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк. Бул тармак жылды 3,4 миллиард сомдук киреше менен жыйынтыктады. Ал эми андан бир жыл мурун 4,7 миллиард сомго чыгым болгон.

3. Соода. Ишкерлер былтыр бул тармактан 784 миллион сом пайда тапты. Андан бир жыл мурун 2,6 миллион сом "сууга аккан".

4. Курулуш. Бул тармактагылар 620 миллион сом кирешеге ээ болушту. Бул 2015-жылдагы 1,4 миллиарддык чыгымга караганда албетте, мыкты көрсөткүч.

5. Кайра иштеп чыгаруучу өндүрүш. Мурдагы жылкы 5,5 миллиард сомдук чыгым былтыр 592 миллион сомго ээ болгон.

Ал эми эң эле чыгымдуу болуп ресторан бизнеси (55 миллион сом чыгым) жана маалымат айдыңында иштегендер (28 миллион сом) катталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0