Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт экспорту үч эсеге жогорулады

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүСүт азыктары. Архив
Сүт азыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата мекендик мал чарба продукциясын өндүргөн 19 ишкана ЕАЭБдин бирдиктүү тизмесине киргизилген. Анын сегиз ишканасы сүт өндүрүү менен алектенет.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө сүт продукциясын экспорттоо өткөн жылы 22 миң тонна көлөмүндө болду. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдирди. 

Белгилей кетсек, бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өлкөнүн биримдиктеги пландары жана келечектеги милдеттерин талкуулаган кеңешме өтүп жатат. 

"2016-жылы Кыргызстандан Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөргө сүт продукциясын экспорттоо 22 миң тонна көлөмүндө болду, бул 2015-жылдын көрсөткүчүнөн үч эсеге көп (5900 тонна)", — деп билдирди Жумаканов. 

Ал белгилегендей, бул 19 атамекендик мал чарба продукциясын өндүргөн ишкананын ЕАЭБдин бирдиктүү тизмесине киргизилгендигине байланыштуу болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0