09:41 23 Аяк оона 2017
Түз эфир
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив

Быйыл ЕАЭБдин органдарында Кыргызстан төрагалык кылат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
ЕАЭБдеги Кыргызстан (173)
5901

ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык ЕАЭБ органдарында төрагалык кылууда жыл сайын орус алфавити боюнча пландуу ротация болуп турат.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. 2017-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт. Вице-премьер Олег Панкратов Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кеңешинин 2017-жылдагы төрагасы болуп бекитилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим 13-январда ЕЭКтин кеңешинин видео-байланыш режиминдеги кезектеги жыйынында жарыяланды.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигине кирген төрт мамлекет – Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Россия башчыларынын жыйынында, 2017-жылы ЕАЭБ кеңешинин органдарында төрагалык кылуу маселеси каралган. Сөз Жогорку Евразия экономикалык кеңеш, Евразия өкмөттөр аралык кеңеши жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тууралуу болуп жатат.

ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, бул органдарда төрагалык кылууда жыл сайын орус алфавити тартибинде пландуу ротация болуп турат. 2016-жылы бардык үч структурада Казакстан жана анын өкүлдөрү төрагалык кылса, 2017-жылы бул милдетти өзүнө Кыргызстан алды.

Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (173)

Тема боюнча

ЕЭК өкүлү Кыргызстандагы ветлабораториялардын жакшыртылышына канааттанды
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьерлери бирдиктүү бажы кодексин жактырды
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, Олег Панкратов, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ