10:15 22 Аяк оона 2017
Түз эфир
Саймалуу-Таш улуттук паркы. Архив

Саймалуу-Таштан алтын казуу: тараза ташында тарыхый эстеликтер жана экономика

© Фото / Влад Ушаков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Нургүл Максутова
39720

Жакында гана коомчулукка маалым болгондон кийин Тогуз-Тородогу "Саймалуу-Таш" улуттук паркынын аймагында жайгашкан "Кылдоо" кен участогунан алтын казуу маселеси коомчулуктун талкуусуна түштү.

Аталган кен аймагын геологиялык изилдөөгө лицензия 2011-жылы алынган. Бирок ишти андан ары алып кетүү үчүн кен чыккан жер "Саймалуу-Таштын" аймагынан чыгарыла элек. Анткен менен коомчулукта бир нече кылымдык тарыхый эстеликтер жайгашкан жерден кен казуу алардын жок болушуна алып келбейби деген түкшүмөл жаралууда. Sputnik Кыргызстан маселенин чоо-жайына кайрылып, тиешелүү тараптардын пикирин тыңдады.

Өкмөт токтом токуган…

Аталган аймак "Макмал" алтын комбинатына жакын жайгашкан. Маалыматтарга караганда, өкмөттө "Кылдоо" участогун Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл өкмөтүнө берүү боюнча токтом чыккан. Экономика министрлигинин өкүлүнүн айтымында, корук жерди которуу абдан кыйын, ошого карабастан кенди иштетүүгө жалпысынан 100 гектар жер керек болсо, азыр анын 70 пайызы транcформацияланган. Учурда калган бөлүгүн которуу боюнча аракеттер жүрүп жатат. Ал эми кенди иштетүүнү "Макмал" алтын комбинаты ээлигинде турган "Кыргызалтын" ачык акционердик коому колго алышы керек.

"Макмал" комбинатын камсыз кылган алтын кен кору 2017-жылы түгөнөт. Демек, бүтүндөй бир аймактын экономикалык жана социалдык башкы таянычы болгон ири ишкананын токтоп калуу коркунучу бар. Ал үчүн "Кылдоо" участогун башка категорияга которуу маселесин тездетип чечүү зарыл", — деп айтылган мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин эксперттер тобунун кеӊешмесинде.

Алтын жана алтындай болгон тарыхый эстеликтер…

"Кыргызалтын" ачык акционердик коому эгерде "Кылдоону" иштетүүгө уруксат берилсе, республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшкөн акча көбөйүп, абал жакшырат эле деп айтууда.

"Алдын ала эсептөөлөрдө "Макмал алтын" комбинатын камсыз кылган алтын кен кору 2017-жылы түгөнөт. Комбинаттын техникалык абалы начар. "Макмал алтын" ириде Тогуз-Торо районунун бюджетинин 95 пайызын камсыздап турган социалдык объект. Эгерде азыр тиешелүү кадамдар жасалбаса, анда иштеген 1100 киши ишсиз калат", — деп билдиришти.

"Кыргызалтын" учурда ал жерде беш тонна алтындын кени бар экендигин маалымдады. 

Ал эми "Кылдоо" кенин иштетүү ал жердеги таш эстеликтерге зыяны келбейт деген Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулар тобунун бүтүмү бар экендигин айтышты.

"Кылдоо" боюнча КРдин Илимдер академиясынын Биологиялык жана жер кыртышы институту менен Тарых, маданий мурастар боюнча институту бүтүм чыгарып берген. Анын аймагындагы эң жакын орун алган тарыхый эстеликтер (петроглифтер) сегиз чакырым аралыкта жайгашкандыктан, кен чыккан жерди чалгындоо, иштетүү "Саймалуу-Таш" улуттук жаратылыш паркына жана андагы эстелик таштарга зыянын тийгизбейт деп айтылган", — деп билдиришти ишканадан.

Жергиликтүү эл адистерге ишеним артып отурат

Анткен менен кенди иштетүүгө биз менен маектешкен Тогуз-Торонун жашоочусу Максат Жээнбеков эгерде картаны так аныктап чийип, кесипкөйлөр иштесе каршы эместигин айтты.

"Маселени эки жактан кароо керек. Биринчиси, "Макмалдын" келечеги, анын жергиликтүү эл менен Кыргызстанга тийген пайдасы. Экинчиси, тарыхый эстеликтин жабыркабашы. "Кылдоонун" маселесин объективдүү караса, эстеликтерге зыян келбейт. Жер казынасынын координатын адистер абдан кылдаттык менен тактап бериши абдан маанилүү. "Кылдоону" иштетсек, жалгыз эле Тогуз-Торого эмес, бери дегенде бир жагынан Сузак, экинчи жагынан Ак-Талаада жашагандар үчүн жумушчу орундары түзүлүп, пайдасы тиет эле", — деди Жээнбеков.

Алты жыл илгери алынган лицензия….

Бул маселе боюнча "Кыргызалтындын" өндүрүш жана геологиялык чалгындоо боюнча экс-вице-президенти Сагынбек Абдрахманов маселе алты жылдан бери чечилбей келе жатканын, ал аткаминерлердин ашыкча кооптонуусунан болууда деген пикирин билдирди.

"Кылдоону" "Саймалуу-Таштан" чыгаруу бюрократиялык иш экен. Чиновниктин көпчүлүгү ар кыл шылтоону айтып, бир нече жылдан бери созулуп келе жатат. Бул эки жердин аралыгы абдан алыс, ортосунда бир нече кокту жатат. Аянтын чоң кылабыз, ЮНЕСКОнун тизмесине кирип калат деп кезегинде жердин бир тобун киргизип салышкан. Азыр аны кайрадан чыгарууга кол койгондон коркуп жатышат. Ал аймакка бир нече ирет баргам. Жазуулар түшүрүлгөн таштар аз эле аянтты ээлейт. Кылдоо коктунун этегинде болсо, "Саймалуу-Таш" анын төрүндө", — деди ал.

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо, токой чарбасы агенттигинин токой жана аңчылык департаментинин директору Сабыр Чукумбаев бул жаатта маселеде Илимдер академиясынын илимий корутундусу маанилүү экенин, бирок ал бериле электигин айтты.

"Жер кени Саймалуу-Таштын өзгөчө корголуучу аймагында жайгашкан 75 гектарында. Улуттук илимдер академиясы бул жаатта корутундусун бере элек. Ал жердеги петроглифтерге зыяны келбейт деген корутунду түшсө, анда бу маселени кантишти өкмөт өзү карайт. Агенттик өкмөткө ал жерди Каргалык айыл өкмөтүнө берүүнү сунуштайбыз. Алалы же берели деген маселени биздин ведомство эмес, өкмөт чечет. Биз сактайлы деген маселе боюнча иштешибиз керек", — деди Чукумбаев.

ЮНЕСКОго талапкер жай…

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо, өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошов тыкыр изилдөө маанилүүлүгүн жана ЮНЕСКОнун тарыхый мурастары боюнча дүйнөлүк тизмеге талапкер жай экендигин айтты. 

"Саймалуу-Таш" археологиялык эстелиги Кыргызстандын республикалык маанидеги тарыхый, маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен орун алган. Кен казуу иштери, курулуп жаткан "Түндүк-түштүк жолу" долбоору аталган аймакта жүргүзүлүүдө. Бул боюнча "Саймалуу-Ташка" зыяны жок" деген корутундуну өз учурунда Илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институту берген. Анын негизинде чечимдер кабыл алынып жатса керек. Ошондуктан, жогорудагы уникалдуу эстеликтин жана ага чектеш аймактарда көтөрүлүп жаткан маселелерди ишке ашырганга чейин алдын ала илимий жактан кылдат изилдеп чыгып, анан гана чечим кабыл алышыбыз керек. Кезегинде көмүр иштетүү боюнча маселе көтөрүлгөндө каршылыгыбызды билдиргенбиз. Министрлик тарыхый эстеликтерди биринчи орунга коёт", — деди Жолдошов. 

"Кылдоого" лицензия берилгенден кийин аны ишке киргизүүгө бери дегенде төрт жылга чукул убакыт керектелерин "Кыргызалтындын" өндүрүш жана геологиялык чалгындоо боюнча экс-вице-президенти Сагынбек Абдрахманов айтты.

"2011-жылдан бери ал жерге болгону геологиялык жол салынган. Лицензия берилген күндө дагы 3-4 жыл чалгындоо, иликтөөгө кетет", — деди ал.

"Саймалуу-Таш" улуттук жаратылыш паркы 2007-жылы түзүлгөн жана Кыргызстандагы республикалык маанидеги эстеликтердин бири. Жалпы аянты — 32 миң гектарга чукул. Негизги археологиялык эстеликтердин түрүнө кирет, анда б.з.ч.3 миңинчи жылдыктан биздин замандын орто кылымдарына таандык эстелик сүрөттөр, таш бетине чийилген сүрөттөр бар. 

Тема боюнча

"Макмалалтын" комбинаты кайрадан иштей баштады
Батыш Тянь-Шанды ЮНЕСКОнун материалдык эмес тизмесине киргизүү каралууда
Белгилер:
алтын, кен, "Макмалалтын" комбинаты, Кыргызалтын, Саймалуу-Таш, Тогуз-Торо

ЭҢ МААНИЛҮҮ