Кыргызстандын ишкерлери туура экспорттоонун сырын үйрөнөт

© AFP / PATRICIA DE MELO MOREIRAУрожай помидоров
Урожай помидоров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мастер-класста экспорт ишмердүүлүгү тууралуу сөз болуп, сырткы базарга өлкөдө өндүрүлгөн товарларды туура алып чыгуунун жолдору каралат.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Соода-өнөр жай палатасынын ишкердик-билим берүү борбору 12-январда "Кыргызстандан сыртка экспорттоонун келечеги" аттуу мастер-класс өткөрөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы кабарлады. 

Постройка логистического центра в Базар-Коргоне - Sputnik Кыргызстан
Базар-Коргондук дыйкан 30 тонна муздаткыч жай куруп, анын көлөмүн көбөйтүүнү пландоодо
Мастер-класста экспорт ишмердүүлүгү тууралуу сөз болуп, сырткы базарга өлкөдө өндүрүлгөн товарларды туура алып чыгуунун жолдору каралат. 

Ошондой эле адистер компаниялар эч бир документи жок сырткы экономикалык ишмердүүлүктү уюштурууга мүмкүн эместигин түшүндүрүп беришет. 

Мындан тышкары, иш-чаранын программасында белгилүү бир базарларга экспорттоо мүмкүнчүлүгү да талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0