Исаков: индиялык ишкерлер Кыргызстандын энергетика тармагына кызыгууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЛинии электропередачи "Датка-Кемин"
Линии электропередачи Датка-Кемин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев 18-21-декабрь күндөрү Индияга мамлекеттик иш сапары менен барып келген.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Индиянын ортосунда беш жылдык кызматташуу программасы боюнча сүйлөшүүлөр болгонун президент аппаратынан тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, Индияга 18-21-декабрда болгон сапары маалында Алмазбек Атамбаев өлкөнүн президенти жана премьер-министр менен кезикти. 

"Өкмөт башчы биздин премьер-министр менен келишимдердин ишке ашуусун талкуулоо үчүн Кыргызстанга келүү каалоосун билдирди. Бул жакта энергетика, ГЭС куруу боюнча беш жылдык кызматташуу программасын иштеп чыгабыз. Ошондой эле Кыргыз-орус өнүгүү фонду сыяктуу индия жана кыргыз ишкерлерине колдоо кыла турган уюм түзүү жагы дагы каралат. Индияга болгон сапар маалында ошондой эле "жол картасына" визалык режимди либерализацилоо, коопсуздук жана медицина жаатындагы кызматташуулар боюнча сүйлөшүлдү", — деди Исаков. 

Анын сөзүнө таянсак, индиялык ишкерлер Кыргызстандын энергетикалык секторуна кирүүгө кам көрүп жатат. Учурда Энергетикалык холдинг менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. 

Бирок Исаков кандай иштер болорун кенен түшүндүрүүдөн баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0