Кыргызстан Ирандагы порттон жер тилкесин алуу ниетинде

Жазылуу
Бүгүн Кыргызстанга Иран президенти Хасан Роухани келет. Иш сапардын алкагында кызматташуу боюнча 10 жылдык программага кол коюлат.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Иран жер тилкелерин алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул туурасында президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары жана тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков маалымат жыйында билдирди. 

Иран жетекчисинин сапары бүгүн жана эртең деп күтүлүп жатат. Президенттер Хасан Роухани жана Алмазбек Атамбаевдин эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча бир нече документтерге кол коюшу пландалуула. Бишкекте андан сырткары кыргыз-иран бизнес форуму өтмөкчү. 

"Кыргызстан деңизге чыга турган жол издеп жатат. Учурда аталган өлкөнүн аймагындагы Бендерабас портунда жер тилкесин алмашуу боюнча эксперттердин деңгээлинде талкуу жүрүп жатат. Ал эми Иран Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактардын бирине кызыгып жатат", — деп билдирди Исаков. 

Бирок бул маселе мамлекет башчылардын жолугушуусунда көтөрүлбөйт. Исаков тараптар кызматташуу боюнча 10 жылдык программага кол коёрун кошумчалады. 

"Бул иш сапардан экономикалык алакалардын тездетилишин күтүп жатабыз. Өткөн жылдагы иш сапардан кийин иран бизнеси Кыргызстанда активдешип, кадимкидей көтөрүлө баштады", — деди Исаков.

Ал Иран президенти менен бир топ бизнесмендер келе тургандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0