Момбеков: Токтогул ГЭСи 450 млн. долларга тетик алмаштырган, аварияга эмне себеп?

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Улуттук энергохолдингди сынга алып, жетекчиси авария болбой тургандыгын убадалаганын кошумчалады.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Токтогул ГЭСиндеги тетиктер 450 миллион долларга алмаштырылганын айтып, эмнеден улам гидроагрегат иштен чыккандыгына кызыкты. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттеги отурумда билдирди. 

Эске сала кетсек, Токтогул ГЭСинин №2 гидроагрегаты иштен чыгып, алты күндөн бери иштебей турганын "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы билдирген. 

"Кечээ күнү кайгылуу кабар тарап, Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегаты иштен чыкканы айтылды. Буга чейин Улуттук энергохолдинг ишканасынын жетекчиси Айбек Калиев 450 миллион долларга тетиктердин баарын алмаштырдык деди эле. Эмне үчүн гидроагрегат иштен чыкты? Ал авариялар болбойт деди эле го", — деди депутат. 

Момбеков эл жаңы жылды караңгыда тосуп калбашы керектигин айтып, бүгүн саат 14:00гө Айбек Калиевди парламентке чакырууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0