Жогорку Кеңешти ызы-чуу кылган арак боюнча мыйзам долбоору артка кайтарылды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүПроизводство алкогольной продукции на ОАО "Уссурийский бальзам"
Производство алкогольной продукции на ОАО Уссурийский бальзам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечи депуттар мыйзам долбоору алкоголдук монополисттер жоюлат десе, каршы чыккандар чакан арак заводдор көбөйөт дешүүдө.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору артка кайтарылды. 

Аталган мыйзам долбооруна Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов баштаган бир канча депутаттар каршы чыгып, мыйзам өтүп кетсе чакан арак заводдор көбөйөрүн айтышты. 

"Мыйзам өтүп кетсе өлкөдө чакан арак заводдор ачылып, элди ууландарыбыз. Бул туура эмес. Эки демилгени бириктирип, мектептердин жанында арак сатууга тыюу салууну кошуп жатат. Ага жамынуу менен мыйзамды өткөрөбүз деген болбойт. Эки мыйзамды бөлүп карайлы", — деди Текебаев. 

Демилге колдоо таап, мыйзам долбоору тиешелүү комитетте каралмай болду. 

Демилгечи депутаттар мыйзамдын арты менен алкоголдук монополисттер жоюлат деген пикирде.

Жаңылыктар түрмөгү
0