"Жер-Үй" кени кийинки жылдан тарта казыла баштайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.
Президент Алмазбек Атамбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаеа менен Дүйшөнбек Зилалиев "Жерүй" кенинде кийинки жылга бекитилген график боюнча казуу комплексин курууга даярдык көрүү иштерин талкуулашты.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

"Жолугушууда мамлекет башчысына жылытуу мезгилинин өтүшү, калкты электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле Зилалиев ири тоо-кен компанияларынын ишине, "Жерүй" кенинде кийинки жылга бекитилген график боюнча казуу комплексин курууга даярдык көрүү маселелерине токтолду", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Атамбаев менен Зилалиев жаратылыш байлыктарын натыйжалуу пайдалануу үчүн тоо-кен тармагында иштердин ачыктыгын мындан ары арттыруу, мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүү жана коррупцияны азайтуу маселелерин талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0