ЕЭК өкүлү Кыргызстандагы ветлабораториялардын жакшыртылышына канааттанды

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота скотобойного цеха “Торо”
Работа скотобойного цеха “Торо” - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча коллегиянын мүчөсү Валерий Корешков Кыргызстандагы ветеринария тутумунун жакшыруу процессиндеги оң динамикага көңүл бурду.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга ветеринардык тутумду жакшыртуу боюнча аткарылган иштер менен таанышуу максатында келген Евразиялык экономикалык комиссиянын техникалык жөнгө салуу боюнча коллегиясынын мүчөсү (министри) Валерий Корешковду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"ЕЭК активдүү позициясы менен биримдик алкагындагы тоскоолдуктарды жоюуга, товар, тейлөө, капитал жана жумушчу күчүнүн эркин жылуусуна карай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көмөктөшөөрүнө ишенем", — деди Жээнбеков. 

Ал ошондой эле кыргыз тарап өзүнө алган милдеттенмелерди толук аткарууга колдон келген аракетти жумшап жатканын кошумчалады.

Жүрөк формасында картошканы алаканында кармаган фермер - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ менен чет мамлекеттер КР продукциясын эмне үчүн алгысы келбейт?
Өз кезегинде Корешков Кыргызстандагы ветеринария тутумунун жакшыруу процессиндеги оң динамикага көңүл бурду.

"Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы ветеринардык лабораторияларды кыдырууда андагы жаңы жабдууларды көрүп, ветеринардык лабораторияларды модернизациялоонун болжолдуу жыйынтыгына канааттандым", — деди Корешков.

Ал эми Жээнбеков кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги ветеринардык көзөмөлдү жокко чыгаруу маселесин кароодо ЕЭК позициясынын маанилүүлүгүн жана бул багытта ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бирдиктүү жана тыгыз кызматташуусу маанилүү экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0