БИШКЕК, 14-дек.— Sputnik. Кытай компаниялары Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин Экономика министрлиги билдирди.
Дүйшөмбү күнү аталган министрликтин алдындагы Инвестиция тартуу жана экспортту алдыга жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү жана Кытайдын Паньцзинь шаарынын администрациясы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Меморандумга кол коюшту.
"Документтин максаты — "Лэнд Оушен Энерджи Сервис Ко ЛТД" жана "КНГ Гидрокарбонс" компанияларынын долбоорлорун ишке ашыруу", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган долбоорлордун алкагында нефть иштетүүчү завод, ошондой эле нефть казып алуу, кайра иштетүү жайларын куруу жана реконструкциялоо, Кыргызстандагы нефть бар аймактарды иликтөө каралган.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда беш нефть иштетүүчү завод бар, анын экөө кытай инвесторлору тарабынан курулган. Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кара-Балтадагы "Жунда" заводунун кубаттуулугу 800 миң тоннага, Жалал-Абаддагы "Кыргыз Петролиум компани" 500 миң тоннага ылайыкташканын билдирген. Ал эми Канттагы завод 300 миң тонна, Жалал-Абаддагы завод 60 миң Токмоктогу заводдун кубаттуулугу 450 миң тонна экени айтылган.