БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду бүгүнкү күнгө чейин 603 долбоорду каржылады. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалды.
Аталган фонд Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде өлкөнүн экономикасын модернизациялоо үчүн түзүлгөн.
Маалыматка ылайык, фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт.
Көбүнчө насыянын 20 пайызы тамак-аш өнөр жай тармагындагы бизнес-долбоорлорго бөлүнгөн. Ошондой эле 20 пайызы транспорт жана логистика, 10 пайызы курулуш секторун каржылоого берилди.
Бүгүнкү күндө жалпысынан 174 миллион долларлык долбоорлор каржыланды. Аймактарга бөлүп караганда көбүнчө Бишкекте 166, Жалал-Абадда 105 долбоор каралган. Ал эми Таласта 19, Нарында 23 долбоорго каражат бөлүндү.