Кыргызстан Кытайга эт ташууну көздөп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота скотобойного цеха “Торо”
Работа скотобойного цеха “Торо” - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы келишимдер ишке ашарына ишенет.

БИШКЕК, 2-дек — Sputnik. Өкмөт Кыргызстандын эт азыктарын Кытайга ташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңыдан ишин баштаган Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа менен жолугушту.

Анда Жээнбеков буга чейин КЭРдин премьери Ли Кэцяндын расмий иш сапарынын алкагында кабыл алынган келишимдерди белгилеп, алар жакын арада ишке аша баштаарына ишене тургандыгын айтты. 

"Кыргызстан айыл чарба, анын ичинде эт азыктарын Кытайга жиберүү мүмкүнчүлүктөрү үчүн мал чарбачылыкты өнүктүрүү жана экологиялык жактан таза өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын экспорттоо боюнча кызматташууну жандандырууга даяр", — деди премьер-министр.

Иш-чаранын жүрүшүндө эки тарап транспорт, коммуникация, айыл чарба, өнөр жайларды өнүктүрүү тармактарында келечектеги кызматташуулар боюнча ой бөлүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0