Саясий партиялар үгүт иштерине 53 млн. сом коротту

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка к парламентским выборам в Бишкеке.
Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы Бишкектеги көчөлөрдү жарыктандыруу иштерине 98 миллион сом керектелсе, лифттерди оңдоого 20 миллион сом акча сарпталган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын саясий партиялары 18 күн ичинде үгүт иштерине 52 миллион 862 миң сом сарптаганын БШКдан кабарлашты. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы атайын текшерүү топ саясий уюмдардын 18 шаарда үгүт иштерине короткон каражаттын суммасын жарыялады. 

Каражаттын көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаардык кеңештин депутаттык мандатына корогон. Анын жалпы суммасы — 41 миллион 242 миң сомду түзгөн. 

Шайлоого акчаны көп сарптаган үч партия:

  • "Республика — Ата-Журт" — 14 миллион 968 миң сом;
  • КСДП — 12 миллион 820 миң сом; 
  • "Өнүгүү — Прогресс" — 10 миллион 100 миң сом.

Координатор ЦИК по Ошской области Расулбек Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Радио
Расулбек Кадыров: Ош облусунда 92 кеңеште шайлоо жана референдум өтөт
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы текшерүү топторунун Интернетке жарыялаган маалыматтарына караганда, бул жылы Бишкектеги көчөлөрдү жарыктандыруу иштерине 98 миллион сом керектелсе, лифттерди оңдоого 20 миллион сом акча сарпталган. 

11-декабрь күнү Конституцияга толуктоолорду киргизүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт. Шайлоого жашы жеткен бардык өлкөдөгү жана чет мамлекетте жүргөн Кыргызстандын жарандары катыша алат. 

Кыргызстандыктар үчүн 26 чет мамлекетте 35 шайлоо участкасы ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0