Таласта төө буурчак былтыркыга салыштырмалуу быйыл эки эсе кымбат сатылууда

© Фото / Элмира СуйутбековаПродажа фасоля в Таласе
Продажа фасоля в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда төө буурчактын баасы 70-75 сомдон болууда.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Талас облусунда төө буурчактын баасы көтөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн Агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Нургазы Ибрагим уулу билдирди. 

Анын айтымында, учурда төө буурчактын баасы 70-75 сомдон болуп жатат.

"Быйыл төө буурчактын баасы абдан жакшы. Былтыр 25-30 сомдун айланасында болгон. Азыр 75 сомго чейин чыкты. 52 840 гектарга айдалган аянттан 90 миң тоннадай төө бурчак алдык. 32 миң тонна төө буурчакты 21 өлкөгө экспорттодук", — деди ал.

Ал ошондой эле Түркияга эле 16 600 тонна төө буурчак жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, жазында Талас облусунда катуу жааган мөндүр төө буурчак талааларын жабыркаткан болчу

Октябрь айында төө буурчактын баасы 67 сомго чейин жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0